www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Кыргызстанга көмөк да, өбөк да көрсөтөт

Темирлан Келдибеков 21-октябрь 2019, 11:06

Коом


Орусия Кыргызстанга көмөк да, өбөк да көрсөтөт

Владимир Путиндин Жакынкы Чыгыштагы  араб мамлекеттери Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб эмираттарына жасаган иш сапары Дональд Трамптын оозун Вашингтонду  каратты. Арабдар негизи мусулман калктар, бекер жерден Путинди чечен лидери Кадыров коштоп барган жок. Анткени, Орусияда да православиеден кийин ислам дини өркүндөп өсүп келатат.

Орусия Кыргызстандын башкы жана негизги өнөктөшү. 150 жылдан ашуун убакыттан бери орус-кыргыз мамилеси чыңдалып келатат.

Учурда эки өлкөнүн соода катышы 1,9 млрд долларды түзөт, кыргыз экономикасына орус инвестициясы 150 млн доллар салган, республикада 600 орус-кыргыз ишканасы иштейт жана толук орус капиталы менен бизнес кылган 300 компания бар. Орусиядагы элчибиз Аликбек Жекшенкуловдун айтуусунда, кызматташуу боюнча 40 келишимге кол коюлуп, 500дөй орусиялык компания 6,5 млрд рублди түзгөн инвестициялык жана экспорттук келишим түзгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков орус инвесторлоруна ыңгайлуу климат түзүүгө жан үрөп жатканын, эки тараптуу экономикалык долбоорлорду жеке көзөмөлүнө алганы баяндалат. Анын бир мисалы, Талас облусундагы “Жерүй” алтын кенин иштеткени жаткан “Альянс Алтын” компаниясы көңүл борборунда экен. Анын башында турган «Русская плотинанын” башчысы Муса Бажаевди биздин президент ар дайым кабыл алаарын, бул долбоор 372 млн долларды түзөөрүн айткан. Ошондой эле 500 млн доллар капиталы бар орус-кыргыз Өнүктүрүү фондунун ишине да кенен токтолгон. Фонд 2037 долбоорду каржылап, 369,5 млн доллар бөлгөн. Эң ири кредит – 17 млн доллар Бишкектеги Бабановдун “Азия Молл” соода борборун курууга берилген экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83