www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарым жылда, бир ишканада, эки жетекчи дүйнө салды

Аман Аскаров 21-октябрь 2019, 14:12

Турмуш Коом


Жарым жылда, бир ишканада, эки жетекчи дүйнө салды

“Электр станциялар” ишканасынын башкы директорунун орун басары Азамат Жоотуманов дүйнө салды. Ал болгону 39 жашта болчу. Артында төрт баласы калды. Айрым маалыматтарга караганда ал жүрөк оорусунан улам көз жумган. Жоотуманов ушул жылдын 13-сентябрынан тартып капиталдык курулуш жана инвестициялык долбоорлор боюнча ишкананын директорунун орун басары болуп келген.

Белгилей кетсек, ушул эле жылдын март айында “Электр станциялары” ишканасынын директору Аскар Эшимбеков каза болгон. Анда Эшимбековдун жубайы жолдошунун өлүмүнө М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун дарыгерлерин айыптаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги ички иликтөө жүргүзүп, жетекчинин өлүмүн так аныктай албай койгон.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83