www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дастанбек Жумабеков Түркиянын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту

Айдар Нуралиев 21-октябрь 2019, 15:41

Дүйнө жүзүндө Расмий кабарлар


 Дастанбек Жумабеков Түркиянын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту

Бүгүн, 21-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Хабибе Очал менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 27-чакырылышынын депутаты Хабибе Очал Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чакыруусу менен белгилүү профессор Фуат Сезгинге арналган эл аралык симпозиумга катышуу үчүн Бишкекке келген. 

Жолугушууда мамлекеттер аралык эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланып, төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан менен Түркия стратегиялык өнөктөш өлкө экенин белгиледи.

“Мамлекеттерибиз ортосунда жетишилген келишимдер эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничтемин. Бизди бир туугандык, достук жана бардык багыттар боюнча түзүлгөн тыгыз кызматташтык бириктирип турат. Мындан ары да өлкөлөрүбүздүн жаркын келечегине керектүү, өз ара кызыкчылыкка шайкеш келген алакаларды арттырышыбыз зарыл”, – деди төрага Дастанбек Жумабеков. 

Ошондой эле төрага түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөдө депутат Хабибе Очалдын салымы чоң экенин билдирди. 

Өз кезегинде Хабибе Очал эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой билим берүү тармагы боюнча тыгыз байланышты өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.  Мындан тышкары депутат айым симпозиум жана илимий-тажрыйбалык конференцияларды байма-бай өткөрүү аркылуу билим берүү жаатындагы алакаларды арттырууга болорун белгиледи. Муну менен катар өз кесиби агартуучу экенин айткан Хабибе Очал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өтө кызыгарын кошумчалады.    

Мындан сырткары,  депутат айым төрага Дастанбек Жумабековдон билим берүү тармагы боюнча эки өлкөнүн кызматташтыгына тиешелүү айрым маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү өтүндү.  

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83