www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уулдарынын тоюна Бекназаров кимдерди, ал эми депутат-айылдашы Эргешов кимдерди чакырды?

Бакыт Молдалиев 24-октябрь 2019, 14:47

Саясат


Уулдарынын тоюна Бекназаров кимдерди, ал эми депутат-айылдашы Эргешов кимдерди чакырды?

Кечээ, 20-октябрда мурунку депутат, мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров кичүү уулу Токтогулду үйлөп, Бишкектеги «Ала-Тоо» ресторанында дүңгүрөтүп той берди.

Тойго урук-тууган, дос-жарлардан сырткары кыргыз саясатынын “лөктөрү” да келип, эки жашка бакыт каалап кетишти.

Бүгүнкү чыккан басылмалардын маалыматтарына таянсак, тойго экс-президент Роза Отунбаева, экс-депутат Өмүрбек Текебаев, мурунку президенттин аппарат жетекчиси, өлкөнүн түштүк аймагынын “саясий кардиналы” Үсөн Сыдыков, мурдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев, мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун, экс-премьер Темир Сариев, экс-спикер Акматбек Келдибеков, ал эми "азыркылардан" Жогорку Кеңештеги “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, Бекназаровдун кан кудасы, депутат Мыктыбек Абдылдаев, президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков, “Раим миллиондун” агасы, депутат Искендер Матраимов, Атамбаевдин мурунку досу, азыркы депутат Иса Өмүркулов, ж.б.у.с. саястчылар келишип, тойдун көркүн ачып беришти.

Кызыгы, мындан бир күн мурун, тагыраагы, 19-октябрда дагы бир аксылык (Аксы району-ред.) фермер-саясатчы, Жогорку Кеңешке “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп келген депутат Алмазбек Эргешов да уулун үйлөп, өзүнүн Бишкектеги “Тайказан” ресторанында той кылды. Анда негизинен Аксы районундагы айыл өкмөт башчылары, райондогу таасирдүү жетекчилер, ал эми жогорку саясатчылардан “Кыргызстан” партиясынын жогорку өкүлдөрү жана парламенттин учурдагы спикери (“Кыргызстан” фракциясы) Дастанбек Жумабеков баштаган 20га жакын депутаттар болушту.

Эмне дейбиз? Саясат саясаты менен, ал эми тойлор өз жолу менен. Жаштар бактылуу болушсун!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83