www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Акын Аалы Туткучев эми куудул

Алтын Булат 21-октябрь 2019, 15:32

Видеолор Коом


ВИДЕО - Акын Аалы Туткучев эми куудул

Аалы Туткучев дегенде кыргыз-казак эли калпагын кежигеге баса кийип, колундагы комузун күүлөп, сахнадагы каршылашын какшыктап, ай-буйга келтирбей “оодара тартып” жаткан сары төкмө акынды элестетээрибиз бышык.

Анткен менен “талант бир сырдуу, миң кырдуу” болот деген ушул Туткучевге жарашып турат окшойт. Себеби, Аалыкеде өнөр көп экен. Эми аны куудулдук, аткаруучулук жана пародия жанрында дагы таанып калганы турабыз. Дегеним, жакында ал “Катын калп айтпайт, каңырыш угат” деген аталыштагы жеке концертин бергени жатканын уктук. Ошондо ал элди күлкүгө бөлөй турган ролдорду аткарат экен.

Өзү сыртынан караган адамга олуттуу, көздөрү сырдуу, анан калса каардуу дагы көрүнүп кетет эмеспи. Сахнадагы позитивдүү ролдору кандай чыгат болду экен?! Дегинкиси эл тараза, эл сынчы эмеспи!..

NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83