www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - Казакбаев, Бекназаров жана Үмөталиеванын тоюнун айырмачылыгы эмнеде?

Аман Аскаров 21-октябрь 2019, 17:07

Турмуш Коом


ФОТО - Казакбаев, Бекназаров жана Үмөталиеванын тоюнун айырмачылыгы эмнеде?

Эки-үч жума мурун депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү үлпөт тою болуп, ал жерге үлкөндөр, зеги менен экси, позиция менен оппозициясы бир стөлдөн даам сызып, тимеле жыргашкан. Эми кечээ тарыхый дагы, салттуу дагы “экстердин экси” Азимбек Бекназаров уулун үйлөдү. Ал жерге деле баягы “табакташтар” чогулду. Арасында бардыгы бар, эми ассорти деп да койсо болот.

Бул эки үлкөндүн той-топурунан башка дагы бир түгөй жакында баш кошту. Убагында президенттикке талапкер, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева кызы Бурашты күйөөгө узатты.  Тиги эки тойдон айырмаланып, бул үлпөт улуттук калоритте өтүп, чакырылгандардын басымдуу бөлүгү Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Талгат Жакшылыков сыяктуу маданият ишмерлери болду. Андан сырткары, Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаевдин кеңешчиси Ерлан Карин, Улуу Британиянын элчиси жана анын орун басары дагы келген.  Эмне дейбиз, жаштарга бакыт каалайбыз. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83