www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Назми Байзакова: " Кыздарымдын тапичкесин машинама тумар кылып салып алам"

Айдар Нуралиев 21-октябрь 2019, 17:42

Коом Маданият


Назми Байзакова: " Кыздарымдын тапичкесин машинама тумар кылып салып алам"

-1999-жылдан бери машина айдап келе жатам, ошондо быйыл туптуура 20 жыл болуптур. Өзүмдүн апам дагы машина айдагандыктан, кичинекей эки жаш курагымдан баштап апам конокко бара жатканда алдына отуруп алчу элем. Ал учурда унаа айдаган айымдар дээрлик жокко эсе болчу. Ошондуктан жолдо бара жатканда элдин бары таң калып карап калышчу эле. Ошондон болсо керек, машина айдоого болгон  кызыгуум бала кезимен эле калыптанган. 

Учурда "Лексус" үлгүсүндөгү унаа айдап жүрөм. Бардык эле айымдардын машинага тиешелүү адаттары болгондой эле, меники дагы бар. Мисалы, улуу кызым ымыркай кезинде кийген алгачкы аябай тыпыйган кызыл түстөгү тапичкеси бар болчу, аны кийин экинчи кызым кийди. Аны атасы алып берген эле. Ошону машинама салып алууну салтка айланткам. Кыздарымдын ошол тапичкеси мен үчүн ыйык тумардай,-деп Назми байзакова "Леди KG" гезитине унаада болгон адаттарынан бөлүштү. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83