www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өкмөт башчы Бишкекте ишкердин уурдалып-өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү

Бакыт Молдалиев 22-октябрь 2019, 10:05

Саясат


Өкмөт башчы Бишкекте ишкердин уурдалып-өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 21-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышып, анда ал ишкер жоголгондугуна байланыштуу ички иштер органдары тарабынан бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлгөнүн, күбөлөр суралып, учурда 4 шектүү тергөө абагына киргизилгенин, аны менен катар кылмышка тиешеси бар, анын ичинде ишкердин унаасын сатууга аракет кылган жарандар аныкталганын билдирди.

Жунушалиевдин белгилешинче, издөө чараларынын комплексин ишке ашырууда «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүндүгү маанилүү роль ойногон. Ал жоголгон ишкердин жана адам уурдоо жана өлтүрүүгө шектүү жарандардын изин тез аныктоого гана эмес, тергөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтоого жана талдоого шарт түзүп берген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, ишкердин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

«Жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк ишкерлер ишкердик менен эркин алектенүүсү үчүн мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөт. Милициянын уюшкан иш-аракеттеринин жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүндүктөрүнүн натыйжасында бул аёосуз жана мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бети ыкчам ачылды. Ошону менен катар акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген иштерди аткарууга тийиш экендигин даана күбөлөндүрүп турат. Бул өлкө экономикасы үчүн ишкерлер арасында колдоо тапкан Өкмөттүн бизнести коргоо боюнча демилгелеринен кем калбаган мааниге ээ», – деди өкмөт башчы.

Буга байланыштуу өкмөт башчы адам өлтүрүүнү тергөө иштерин аяктап, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка чуулгандуу кылмыштын майда-баратына чейин маалымат берүү керек. Муну менен катар тийиштүү мамлекеттик органдар ишкерлерге каршы жасалган кылмыштарды алдын алууда профилактика жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн алдын алуучу комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу, баарынан биринчи жүргүзүлүп жаткан аналитикалык иштерге басым жасоо милдеттендирилет. Ошол эле учурда ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, дайыма мыйзамды карманууга жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милицияга кайрылууга чакырам», – деп кошумчалады премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83