www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ун кымбаттады, инфляция башталдыбы?

Темирлан Келдибеков 22-октябрь 2019, 14:31

Эл пикир


Ун кымбаттады, инфляция башталдыбы?

Негизи инфляция, гипер инфляциядан 1992-жылдан бери кыргыз эли чоочуп калган. Мугалимдердин айлыгы 2019-жылдын 1-октябрынан баштап көтөрүлдү. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлөр менен өкмөт дагы бир нерсени ойлоп табат деп, көпчүлүк мурун эле ойлоп койгон. Мындай нерсе табылды, анткени мугалимдер көтөрүлгөн айлыгын ала электе эле ундун баасы кымбаттап кетти. Кыргыздын карапайым адамдарынын негизги азыгы нан болгондуктан, ундун кымбатташы көпчүлүктүн үй-бүлөлүк бюджетине катуу эле тиет. Ундун кымбатташы башка товарлардын кымбатташына да таасирин тийгизет. Демек, мугалимдер биртке көтөрүлгөн акчаларын алгычакты эле кайра эле мурунку таз кейпине түшөбү? Анткени азыркы айлыгы ун кымбаттап кетсе дагы эле өп-чап жетип калат.

Учурда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков чет мамлекеттерде иш сапарында жүрөт. Августта Кой-Ташта ызы-чуу башталганда да Чолпон-Атада эс алып жүргөн. Деги президент ушундай окуяларды билеби, же өкмөт президент жоктугунан пайдаланып өз билгендерин жасап жатабы? Президент элди ойлосо ундун баасын кайра түшүрөр деген гана кеп...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83