www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз актерлору фестивалдан олжолуу кайтты

Айдар Нуралиев 22-октябрь 2019, 09:02

Маданият Коом


Кыргыз актерлору фестивалдан олжолуу кайтты

Казакстандын Караганда облусуна караштуу Жезказган калаасында 15-19-октябрда режиссёр Жанат Хаджиев атындагы III эл аралык театрлар фестивалы болуп өттү. Анда Кыргызстандын атынан Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры драматург Жан Ануйдун "Оркестр" пьесасынын негизинде коюлган "Сфорцандо" спектаклин тартуулады. Жана да фестивалда Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандын бир нече профессионал театрлары ар кандай спектаклдерди калыстардын, калктын сынына коюшту. Бул тууралуу аталган театрдын актёру Курманбек Ниязбеков билдирди.

Калыстардын чечимине ылайык "Эң мыкты актёрдук ансамбль" номинациясы менен Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын жалпы жамааты сыйланды. Ошондой эле театрдын актрисасы Жайна Абдусалам кызы "Экинчи пландагы аялдын мыкты  ролу" номинациясына татыды. “Жезказган музыкалык драма театры” өздүк төш белгиси менен Бишкек шаардык драма театрынын үн режиссёру Азамат Турусбеков жана жарык берүүчүсү Екатерина Фильчина сыйланды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83