www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзү менен бирге элди түн уйкудан ойготкон Абдырахман Маматалиев

Аман Аскаров 22-октябрь 2019, 10:28

Коом Саясат


Өзү менен бирге элди түн уйкудан ойготкон Абдырахман Маматалиев

Абдырахман Маматалиев деген популист өңдөнгөн вице-премьер-министр бар эле убагында. Өкмөт башчынын орун басары болгонго чейин депутат болгон. Эстедиңерби?

Эми ошол агабыз бүгүн ойгонгонсуп, өлкөдө чиновниктердин саны көп, бири-бирин кайталаган органдарды кыскартыш керектигин айтып калыптыр. Өзү депутат болуп жүргөндө эмнеге ушул маселени кабыргасынан койгон эмес? Өкмөт мүчөсү болуп жүрүп деле “балык” болуп иштемиш эткен.

Албетте, маселе абдан маанилүү. Кыргызстанда карапайым элден чиновниктин саны көп. Биринин ишин кайталаган кош органдар жайнайт тимеле. Аларга бөлүнгөн каражатчы? Ичкени-жегендери, мингени, тайраңдагандары, өзүнчө эле бир дастан. Эмне деген акылсыздык мамлекеттик башкаруу болуп кетти? Өнүккөн Швейцарияда 12 миллион калк үчүн 7-8 министр эле зыңкыйтып өкмөтүн башкарып жүрөт. А биздечи, 6 миллион калкы бар, жакыр өлкөдө? 16-17дей министрлик бар болуш керек. Жада калса ар жылы кайсыл бир куда, таяке-жээн үчүн жаңы орган түзө берип, ар айлап санын алмаштыра берип, өзүбүздүн дагы башыбыз айланып калды.

Маматалиев көтөргөн маселе эң туура, бирок бардыгын өз убагында айтып, өз убагында кылса болбойт беле?..

NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83