www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бириккен Араб Эмираттарында жүрөт

Бакыт Молдалиев 22-октябрь 2019, 11:55

Саясат


Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Бириккен Араб Эмираттарында жүрөт

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров ушул күндөрү Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри, Кыргыз Республикасы менен БАЭ экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Султан бин Саид Аль Мансури менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, тараптар эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселесин талкуулап, эки тараптуу алаканы мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

"Күн тартибиндеги жаңы маселелерди түзүү үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын Протоколунун жыйынтыгын жүзөгө ашырууга түрткү беришибиз керек. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыттар абдан көп. Бул экономика, соода, айыл чарба, туризм жана авиация чөйрөлөрү. Бул багыттарда кызматташуу аркылуу биз алакабызды мындан дагы тереңдетерибизге ишенем», – деди Замирбек Аскаров жолугушууда сөз сүйлөп жатып.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай эмиратынын Полиция жетекчиси, генерал-майор Абдаллах Халифа Аль Марри менен да жолугушту.

Анда Замирбек Аскаров Дубай эмиратынын Полиция жетекчисине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанттары үчүн Дубай эмиратынын Полиция академиясынан акысыз билим алуу укугун берген, атайын жолдомолорду берүү жөнүндө маселени оңдуу карап бергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83