www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура Ташиевге сөөмөй кезеди

Аман Аскаров 22-октябрь 2019, 12:15

Коом Саясат


Прокуратура Ташиевге сөөмөй кезеди

Негизи, Кыргызстандын саясий чордону Ош шаары болчу бир кездерде. Бирок, кийинки жылдары ал макамды Ош шаары Жалал-Абад шаарына өткөрүп берип салган.

Бардык кызыктуу, бүйүр кызыткан окуялар ушул жерде. Албетте, локалдуу масштабда. Дегенибиз, эми Кочкор же Чолпон-Аталыктар үчүн Жалал-Абаддын саясий сахнасында эмне болуп жаткандыгы өтө деле кызык болбосо керек. Бирин-бири чукумай, бири экинчисин шыбамай, кайра туруп мактамай деген былыктардын баары Жалал-Абад шаардык мэриясы менен шаардык кеңештин дубалында.

Айтсак, жакында шаардык кеңештин жыйынында “Сууканал” чарбасынын жетекчиси Төлөн Бакировго ишеним көрсөтпөө боюнча маселе көтөрүлгөн. Анын демилгечиси шаардык кеңештин депутаты Шайыр Ташиев эле. Эми Жалал-Абад шаардык прокуратурасы ал демилгени көтөрүп чыгуу “КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамына туура келбейт деп бүтүм чыгарып отурат. Көрсө, ал мыйзамга ылайык демилгелене турган маселе 20 күн мурун сессиянын кароосуна киргизилиши керек экен эле. Андан сырткары, шаардык кеңештин төрагасы, туруктуу комиссия, депутаттык фракция жана шаардын мэри гана демилгечи боло ала тургандыгын прокуратура тизмектеп бериптир. Андыктан, Шайыр Ташиев ишеним көрсөтпөө демилгесин регламентке каршы киргизген деп кошумчалаптыр көзөмөл органынан.

Маселе эмнеде? Шайыр Ташиевдин маалыматы боюнча Төлөн Бакиров Россия Федерациясынын жараны экен. Ал эми мыйзамга ылайык мамлекеттик, муниципалдык кызматтарда башка өлкөнүн жараны иштөөгө болбойт. Төлөн Бакиров өзү деле жашырбайт экен. Бирок анын айтымында, ага убагында чындыгында Россиянын жарандыгын алган, бирок кийин ал андан баш тарткан.

Ким билет ай ким билет...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83