Алтын Булат 22-октябрь 2019, 12:40
Жалпысынан 12 миллион сомго бүткөрүлгөн Каракол шаарына түндүк тарабынан кирген 700 метрге жакын жол оңдолуп, колдонууга берилгени аз эле убакыт болду.
Болбосо бул жол кыйла түйшүк жаратып, оңдоого кеткен убактысы кыйлага созулган. Анткен менен, акыры заманбап, жаркылдаган жол пайда болгонуна шаардыктар түгүл, ал жакка каттаган коноктор да кубанып жаткан.
Кызыгы, шаардык бийликтин башчысы Адыл Каниметов баштаган бир катар чиновниктер ошол жолдун ачылышы кылып лента кесишкен экен. Жергиликтүүлөр буга нааразы.
Айтылгандарга караганда, бүткөн ишке эч тиешеси жок чиновниктер лента кесишкен.
Эске сала кетсек, буга чейин Бишкектеги спорттук бир мекеменин лентасын кескен, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абулгазиев жана вице-спикер Мирлан Бакиров жана башка чиновниктер элдин сынына кабылышкан.
NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!