www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экстер: Назарбаев “рулда”, Атамбаев “багажда”

Алтын Булат 22-октябрь 2019, 14:11

Борбордук Азия жаңылыктары Саясат


Экстер: Назарбаев “рулда”, Атамбаев “багажда”

Казакстандын экс-президенти өмүрү өткөнгө чейин өлкөнү башкарып калары белгилүү болду. Тагыраагы, Нурсултан Назарбаевдин тандаган кадры, учурдагы президент Касым-Жоомарт Токаев тунгуч мамлекет башчысысынын кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейтип берди.

Анда айтылгандай, эми мурдагы казак президенти Коопсуздук кеңешин өмүрү өткүчө жетектейт. Ал эми Коопсуздук кеңеши мыйзамына ылайык, мындан ары аталган кеңештин төрагасынын макулдугу менен өкмөт мүчөлөрү дайындалат.

Ошондой эле президентке түздөн-түз баш ийген орган, мекемелердин башчыларын жана жергиликтүү акимдерди дагы дайындоодо аталган кеңештин жетекчиси менен кеңешүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, Нурсултан Назарбаевдин уруксаты жок казак лидери өз алдынча эч нерсе чече албайт.

Бийликти досуна өткөрүп берип жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев дагы мына ушундай максатты көздөгөнү белгилүү. Бирок, көпчүлүк күткөндөй учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков чечкинсиз, көз каранды болгон жок.

Тескерисинче, өз алдынча саясат жүргүзө ала турганын тастыктап жаткан учуру. Канчалык жакын болсо дагы досун абакка салып, муну менен башка “чимкириктерге” эскертүү сигналын баскандай болду.

NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83