www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Прокурорлордун иши эмне менен аяктаган?

Аман Аскаров 22-октябрь 2019, 14:43

Кылмыш жана кырсык Коом


Прокурорлордун иши эмне менен аяктаган?

Өткөн жылдын 23-декабрынан 24-декабрына караган түнү Балыкчы шаарынын прокурорлору жана жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери ортосунда мушташ болуп, ЖККББнын кызматкери жабыркаган. Кийинчерээк, бул иш боюнча башкы прокуратура “күч колдонуу менен кызматтык абалдан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлап, Балыкчы шаарынын прокурорунун эки жардамчысы кызматтан бошотулгандыгын маалымдаган. Ошондой эле, ички кызматтык териштирүү дайындалгандыгы айтылган эле. Ошол эле маалда көзөмөл органы ал мушташка Балыкчы шаарынын прокурору катышпагандыгын белгилешкен.

Мына эми ошол кызматтык иликтөөдөн кандай жыйынтык чыкканын билели деп турабыз. Себеби, бизде бар эмеспи, ысыгында баса калып, кийин эмне болсо ошол болсун деген бир өнөкөт. Коомчулукка бир кабарлап койсоңор жакшы болмок! Эл билгиси келет дегендей...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83