www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СҮРӨТ - Памперсчен кой депутаттарды уяткарды

Алтын Булат 22-октябрь 2019, 14:51

Фоторепортаж Коом


СҮРӨТ - Памперсчен кой депутаттарды уяткарды

Бишкекте керек болсо маданияттуу койлор бар. Шаарды булгабас үчүн минтип памперс кийип алат.

Мына бул сүрөт учурда социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын купулуна толуп турган чагы.

Анда айтылгандарга караганда, булар айрым “элита койлорго” караганда кыйла таза. Албетте, салыштыруу адаттагыдай эле Ак үйдөгү депутаттардын короосуна ыргыды.

Эске сала кетсек, буга чейин депутат Дастан Бекешов Ак үйдөгү дааратканаларга киргенден чыккыча шаша турганын билдирген жайы бар. Ошондой эле андагы дааратканалардын өтө ыплас колдонулганы боюнча бир катар сындар дагы айтылып калат.

Айтмакчы, ушул жылдын май айында Мамлекеттик сатып алуу порталына, Жогорку Кеңештин административдик имаратынын даараткана бөлмөлөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2 млн 750 миң сомго тендер жарыяланган.

NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83