www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кылмышка шектүүнү издеп жатат. Сиз тааныбайсызбы?

Айдар Нуралиев 22-октябрь 2019, 14:50

Коом Кылмыш жана кырсык


Милиция кылмышка шектүүнү издеп жатат. Сиз тааныбайсызбы?

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ушул жылдын июль айындагы кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн делген белгисиз адамды издөөгө жардам көрсөтүүгө  чакырат. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Б.С. аттуу 1978-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Аталган адамдын кайрылуусу боюнча 4-июлда түнкү саат 01:00 чамасында аны белгисиз адамдар сабап, “Xiaomi Mi 5” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Уурдоо” беренеси боюнча катталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө сүрөттө көрсөтүлгөн адам Бишкек шаарынын соода борборунун биринде уурдалган телефонду саткан.

Сүрөттөгү адам тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо, Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө төмөндөгү телефон номерлери аркылуу кабарлап коюңуздар. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Тел. номерлер: 0(709) 14-43-123, 0(701) 01-76-40, 0(702)33-01-93 же 102

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83