www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жамбыл Камчиев: "Жубайым толук эркиндик берген үчүн мен Жамбыл болдум"

Айдар Нуралиев 22-октябрь 2019, 16:03

Коом Маданият Маек


Жамбыл Камчиев: "Жубайым толук эркиндик берген үчүн мен Жамбыл болдум"

Жакында эле белгилуу куудул агабыз Жамбыл Камчиев 37 жылдан бери түтүн булатып жашап келе жаткан, турмуштун оош-кыйышын бирге көргөн өмүрлүк жары Буусара Асанованы жоготуп, кабыргасы кайышып турат. Элибизге "өзү өлсө дагы сөзү өлбөйт" деген жакшы кеп бар. Андыктан Буусара эжебизди эскерип, ал тууралуу жолдошу Жамбыл Камчиев  “Леди KG”  гезитине маек куруп берди.

-Жамбыл агай, жубайыңыздын ыйманы саламат болсун! Кайгыңызды тең бөлүшөбүз...

- Жубайым 61ге жаңы чыгып, 62 жашка караганда узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Аргабыз канча,  минтип тагдырдын жазмагына баш ийип отуруп калдык.

- Жубайыңыздын бутунун оорусу тууралуу кабарыбыз бар эле, а бирок мынчалык олуттуу деп ойлобоптурбуз...

- Байбичем 2014-жылдан бери эле ооруп жүргөн эле. Тагыраагы, эки буту иштебей калып төшөктө жатып калган. Бул оору катуу санаа тарткандан, суук тийгенден келип чыгып, мындан улам адам колу-бутун башкара албай калат экен. Жубайымдын айтуусуна караганда, 6-классында апасынан айрылып, карыган атасы менен калган. Ошол кезде көзөмөлдөөр кишиси жок болгонгобу же жаштыгына салганбы, ден соолугуна кош көңүл мамиле кылып койгон экен. Былтыркы жылы таяк менен эптеп басып калган болчу. Апрель айында оорусу кайра күчөп, ошол бойдон өзүнө келе албай койду.

- Айыктырууга такыр эле мүмкүнчүлүк жок беле?

Ооруканага көрсөтсөк бардык ички органдары жакшы чыкчу. Кан басымы, канты да нормада эле. Айыктыруу үчүн түрдүү ыкма менен дарылап көрдүк. Кыргызчылыкты да, заманбап медицинаны да жактырчу эмес, жадагалса ийне сайдырчу эмес. Ошого карабай жакшы эле аракет кылдык. Акырында жалаң чөптөр менен дарылап көрөлү деп жатканбыз.

- Акыркы күндөрү өзүн кандай алып жүрчү эле?

- Жубайым сыналгы менен эле жашап калган, андыктан алдына сыналгыны күйгүзүп койсоң кайсы адам сүйлөп жатканын үнүнөн эле таанып-билип койчу. Акыркы күндөрү "ушундан көрө өлүп калсам жакшы болмок" деп айта берчү болгон. Андайда мен "кой, андай жаман сөздөрдү сүйлөбө" деп жубатканга аракеттенчүмүн. Эки күн мурун эле пенсиясын алып келип, ага 320 сом кошулганын сүйүнчүлөсөм кубанбай, кош көңүл угуп койгон эле. Акыркы айткан сөзүндө болсо "Ош шаарындагы Алмалык деген кыштактагы көрүстөнгө койгула, жолдун боюндагылар ары-бери өтүп бата кылып турушат" деген. Бирок өзү айткан жерге коюлган жок. Жубайым Союз мезгилинде Шаардык кеңештин депутаты болуп турган, ошол үчүн шаардын борборунда жайгашкан "Кайырма" деген көрүстөндөн орун беришип, ошол жерге койдук.

- Акыркы учурлардагы чыгармачылык тыныгууңуз жубайыңыздын оорусуна байланыштуу турбайбы?

- Ооба. Жубайымдын жанынан алыс кеткенге болбойт эле. Балдарым үйдө болгондо гана чыкчумун. Калган учурларда тамагын берип, ары-бери көтөрүп жаш баладай бакчумун. "Сен сакайгандан кийин коркпой Орусияга барып "сиделка" болуп иштегенге жарап калдым" деп тамашалап калчумун.

- Экөөңүздөр кантип баш кошуп калдыңыздар эле?

- Байбичем экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 37 жыл болду. Ал кезде мен студент элем. Абам бир шарапты жакшы көрүп дайыма бир дүкөнгө жиберчү. Ошол дүкөндүн үч сатуучу кызынын бири менин болочоктогу өмүрлүк жарым экенин анда кайдан билиптирмин. Абамдын "бирөөсүн танда, жакшы кыздар экен" деген сөзүнөн кийин жөн гана таанышып койдум. Кийин досум экөөбүз батирге чыксак, коңшуларыбыз ошол үч кыз болуп чыга келди. Ошентип жакындан таанышып калдык. Бирок ал батирден алты айдан соң эле көчүп кеттим. Ал эми кыздар менен мамилебизди үзбөй, байланышта болуп жүрдүк.

- Анан кантип уйлөнүү сунушун киргиздиңиз?

- Мен жубайыма үйлөнөргө дейре төрт кызды үйгө ала качып келип, ар кандай себептер менен кайра алып келген жерлерге алып барууга аргасыз болгом. Биринчисинин апасы "жупуну жашаган адамдарга кызымды бербейм" деп алып кетти. Экинчиси болсо "экинчи кабаттан секирем" деп коркутканда алып келген жериме жеткирип келгем. Кийинкиси "даяр эмес элем, даярданайын" деп туруп алды. Ал кыз мен үйлөнгөндөн кийин деле турмушка чыкпай жүрдү, "дагы деле даярданып жатасыңбы?"деп тамашалап койчумун. Жубайыма деле ала качарымды айткан эмесмин, өзүнүн көңүлү бар болчу экен, үйгө келгенде каршылык көрсөткөн жок. Ошентип экөөбүз Брежнев өлгөн күнү баш кошконбуз.

Жубайым экөөбүз үйлөнгөндөн кийин көп кыйынчылыкты баштан өткөрдүк. Алсак, тогуз жыл батирлеп жүрүп, бул жылдар аралыгында 17 батир алмаштырганбыз. Ал кезде шаарда каттооң болбосо экинчи сорттогу эле адамдай болчусуң. Бир орус үйүнө бир жыл жашатса, андан кийин бошотуубузду талап кылып баштачу. Бош калган мамлекеттик батирлерге кирип алсак, өкмөт келип кубалап чыгат. Анан экөөбүз мындай ыкма менен батир тапканга өткөнбүз. Алгач шаардагы эч ким жашабаган үйлөрдү кыдырып же сураштырып таап алчубуз, андан кийин балта менен эшигин бузуп кирип жашап алар элек. Бир жолу ошондой үйлөрдүн бирине кирип алсак, мешинде чай кайнап жатыптыр, кайрадан качып чыкканбыз. Анан 1991-жылы гана батирлүү болуп аябай кубанганбыз.

- Балдарыңыздын баары үй-жайлуу болушканбы?

- Ооба. Биз эки уул, бир кызга ата-эне болдук. Балдарымдын бардыгы үй-бүлөлүү, билимдүү. Кызым Бегимай Туризм академиясында окуп, Чүйгө турмушка чыккан. Азыр төртүнчү уулун карап үйдө отурат. Улуу уулум Авангард Оштогу Азия университетин аяктаган, азыркы тапта СИЗОдо контролёр болуп эмгектенет. Өзгөндүн Мырза-Аке айылынан келинчек алып келген. Кичүүм болсо Аскердик академиясын Тюменден аяктап келген, азыр чек арачы болуп иштейт. Көкүрөк күчүгүм Токтогулдан үйлөнгөн. Балдарым Кудайга шүгүр, апасына күйүмдүү болушту. Арасынан улуу кызымдын шашпай иш кылганын, ойлонгонун апасына окшоштурам. Уулум болсо мага окшоп туура же туура эмес болсо деле шартылдай берет.

 - Жубайыңыз сизге кандай жар болуп берди?

Жубайым мага толук эркиндикти берди. Каалагандай жүрдүм. Жубайымдын ушул эркиндигинин аркасынан мен Жамбыл Камчиев болдум. Эгерде башка адамга үйлөнгөндө азыркыдай деңгээлге жетмек эмесмин. Жадагалса башка аял алып алганда да баарына чыдап, көтөргөн кайраттуу, акылман жар болду.

- Канчалык акылман аял болгон күндө деле каршы болгондур мындай кадамыңызга?

- Үйдө ыйкы-тыйкы сөздөр деле болгон, бирок анчалык терең болгон эмес. Мен эки турмушум менен тең жашачумун. Бир жума биякта болсом, бир күн тиякта болуп дегендей. Бул көп эле эркектин колунан келе бербейт, коркушат. Көпчүлүгү жашыруун жашашат. А мен болсо ачык эле айтам, Кудайдан жашырбаган, пендеден жашырамбы?! Ал киши менен азыр да мамилем бар, карым-катнаш кылып турабыз. Өзү тың жашайт, менден жардам сурабайт. Ал киши дагы азыр ооруп жатат, эми өзү "үчүнчү аял ал" дегендей кылып жатат. Бир аял менен эл адамына жашоо кыйын болот. Шарият төрт аял алууга уруксат берет. Бири ооруса экинчиси жолдошунун камын көрүп турат. Эркек балдарым ызы-чуусуз эле кабыл алышкан, ал эми кызым бир аз апасына болушуп, "туура эмес кылдыңыз деген сыяктуу сөздөрүн айткан. Андан кийин унутуп деле калды. Ал турмушумдан Сезимай аттуу бир кызым бар, учурда алтынчы класста окуп жатат. Ал кызым менен үч баламдын мамилеси орто, өтө деле жакындашкан жок. Жакшы кабыл алуу болбой жатса, өздөрү деле жалпактабайт да. Жыл өткөн сайын акылына кирип, келечекте өздөрү табышып алышар деп ойлойм. Айрыкча мындай жамандыкта тууганды тааный башташат да.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83