www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түнү жалгыз баспа! Зордукчудан аялын коргогон адам жаза алышы мүмкүн

Алтын Булат 22-октябрь 2019, 16:12

Борбордук Азия жаңылыктары Кылмыш жана кырсык


Түнү жалгыз баспа! Зордукчудан аялын коргогон адам жаза алышы мүмкүн

Достору менен эс алуу учурунда күйөөсүнө айтпай үйүнө кетип калган аял орто жолдо зордукчунун запкысын тартты. Бул окуя 13-октябрь күнү Орусиянын Харьков областында катталганын орус маалымат булактары жазып чыгышты.

Ал маалыматта айтылгандай, аял үйүнө жакындап калган учурда артынан акмалап келген белгисиз эркек аны зордуктап кирген. Бул учурда аялын издеп чыккан 27 жаштагы күйөөсү кыйкырып, жалынып жаткан тааныш үндү угуп жетип келип, сүйгөнүнүн үстүндө жаткан эркекти алгач жамбашка, кийин табарсык тушка бир нече ирет бычак уруп алат.

Эс учун жоготкон 25 жаштагы зордукчуну ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер анын көп жаракат алганын, анын ичинде жыныстык мүчөсү жарымынан кесилгенин билдиришкен.

Мындан улам полиция эки кылмыш ишин козгогон: бири “зордуктоо” болсо, экинчиси “атайылап ден-соолукка зыян келтирүү”. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, зордуктоо беренеси менен адам 5 жылга чейин, ал эми экинчи берене менен 8 жылга чейин эркинен ажыратылат.

NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83