www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын аймагына мунайды автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Бакыт Молдалиев 23-октябрь 2019, 09:14

Экономика


Кыргызстандын аймагына мунайды автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынып, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюга багытталган.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизель отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300 - 1 млн 400 миң тоннаны түзөт. Өлкө ичинде мунайзаттарын өндүрүүдө оңдуу жылыштар болгону менен, Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80%ы Россия Федерациясынан келет.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-июнундагы №461 токтому менен бекитилген “Мунайзаттарды эсепке алуунун жана контролдоонун жана Кыргыз Республикасынын аймагында контролдук пломбаларды колдонуунун тартиби жөнүндө» жобого ылайык иш-чараларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасына чарбалык субъектилери тарабынан документтерде товардык позиция катары толтурулууда. Андан ары рынокто эң төмөнкү наркта, орточо алганда 15-20% арзан сатылып жатат. Муну менен эсепке алынбаган мунай продукцияларына акциздик салык төлөнбөйт.

2018-жылда ыкчам топ тарабынан коңшу мамлекеттен күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча 73 факт катталды, алардын көлөмү 146 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 млн сомго барабар. Ыкчам-рейддик иш-чараларды ишке ашырууда аныкталган материалдар боюнча бир катар ишкерлерге административдик мүнөздөгү чаралар кабыл алынды.

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Улутттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып, 2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2% же 12 млн сомду түзгөнүн маалымдады. Ал эми 2017-жылдын 10 айында болсо, бул көрсөткүч 12,8% же 5,3 млн сомду түздү. 2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзаты өлкөгө ташылып келинген.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83