www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мектептери министрликтин буйругун "уруп" ойнобойт, себеби "авторитет" башка

Аман Аскаров 23-октябрь 2019, 12:21

Турмуш Коом


Бишкектин мектептери министрликтин буйругун "уруп" ойнобойт, себеби "авторитет" башка

Билесиңер, конституция боюнча өлкөдө билим алуу акысыз болушу керек.

Убагында, мугалимдердин айлыгы аз, жашоо-шарты начар деп атып, атайын көшөгө артында фонддорду түзүп дагы алганбыз. Фонд акыры барып отуруп, кадимки эле чоң бизнеске айланып кеткен. Миллиондогон акчалар жүгүрүп турат ал жерде. Ата-энелердин канын соруп бүткөн андай фонддор. Бирок далай мектеп жетекчилерин ийгиликтүү “жеке ишкерлерге” айланткан. Акыры мындай фонддордун ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча билим берүү жана илим министрлигинин буйругу дагы чыккан. Себеби, ата-энелер чыдабай калган. Анткен менен, айрым Бишкектин мектеп директорлору министрликтин андай буйругун “уруп” дагы ойнобойт. Эмнеге? Себеби, шаар мектептери Бишкек шаардык мэриясына караштуу билим берүү башкармалыгына баш ийет.

Ал жерде көп жылдан бери жетекчи болуп Сауле Мейрманова деген айым отурат. Ал жетекчи маалында Кыргызстанда далай жаңы наристе төрөлүп, азыр бойго жетип калган маалы. Далай мэр менен иштешти, баардыгы менен тил табышты. Мектеп директорлору бул айымды кудайдай эле көрөт. Себеби,  мектепте окуучулардан акчаны чогултууну ушул айым колдоп, ошонун аркасынан көптөгөн директорлор бутуна туруп жүрбөсүн? 

Жогорудагы сүрөт 23 мектеп гимназиясындагы билим алган окуучунун ата-энесине таандык.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83