www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Самара Каримова италиялык ырчы менен бирге Кремлде концерт тартуулайт

Айдар Нуралиев 23-октябрь 2019, 14:15

Маданият Дүйнө жүзүндө


Самара Каримова италиялык ырчы менен бирге Кремлде концерт тартуулайт

Интернет айдыңында ырчы Самара Каримованын Кремлде өтүүчү концертине көрүүчүлөрдү чакырган видеосу тарады. Анда Каримовадан сырткары, италиялык белгилүү ырчы, композитор Ингрид Альберини жана концерттин уюштуруучулары менен алпаруучулары сүйлөп, концертке чакырып өтүшкөн.

Белгилей кетсек, ырчы Самара Каримова бүгүн, 23-октябрда Москва шаарындагы Кремль сарайында жеке концертин бермекчи. Бул концерттин өзгөчөлүгү, концертте Самара Каримова италиялык ырчы Ингрид Альберини менен бирге француз жана итальян тилинде дуэт ырдашмакчы. Ошондой эле, ырчы кыргыз тилинен сырткары өзбек, казак жана тажик тилинде ырларды аткарат.

Ал эми концертти белгилүү шоумен Вячеслав Мантусов алып барат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83