www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пенсионерлер бир тыйынга зар кезде, мэр Суракматов чиновнигин Лондонго эмнеге жөнөтөт?

Аман Аскаров 23-октябрь 2019, 16:25

Турмуш Коом Экономика Саясат


Пенсионерлер бир тыйынга зар кезде, мэр Суракматов чиновнигин Лондонго эмнеге жөнөтөт?

Жогорку Кеңештеги цирктин артынан Бишкек шаардык кеңешинде концерттик программалар башталды.

Дегенибиз, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аида Рысбаеванын наамына түшкөн арызга карабай, аны Лондонго иш сапары менен жөнөтүп жиберишкен. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Молдобаева коңгуроо кагууда.

Кеп эмнеде? Көрсө, шаар бийлиги жылына бир жолу аз камсыз болгон ардагерлерге жөлөк пул төлөшү керек экен. Бөлүнө турган каражат шаардык кеңеш менен талкууланып отуруп, анын өлчөмү ар жылы бардык жагдайды эске алуу менен 30-июлга чейин бекитилиши зарыл болчу. Бирок, бул жылы Рысбаеванын шалаакылыгыбы же иш билгилиги төмөндүгүнөнбү айтор анын суммасы 2-сентябрда гана бекитилиптир. Ал учурда эмне дейсиңер? Көмүргө болгон баа жогорулап кетет дагы, аз камсыз болгон ардагерлер отун, көмүрдүн баасы арзан кезинде сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн куру калат. Буга туталанган Гүлнара Молдобаева Аида Рысбаеванын үстүнөн ээлеген кызматынын талаптарына жооп береби? – деген өңүттө шаар бийлигине арызданат.

Шаар бийлиги болсо чиновник Рысбаеванын үстүнөн түшкөн арызды карап, бир жыйынтыкка келүүнүн ордуна аны Лондонго командировкага жөнөтүп жатпайбы? Лондондо эмне бар десең? Лондон кайда? Бишкек кайда? Деги Лондонго эки тарапка авиабилеттин баасы канча, ичкен-жегени, баскан-турганына канча каражат короду? Анын ордуна 100 пенсионерди кышка даярдап койсо болот беле? Түшүнөбүз, эгерде ал чын эле маанилүү бир ишти бүтүрүп келсе же баары бир кыйратпагандан кийин Ереван, Душанбе же жок дегенде Бакуга командировкага кетсе! Лондон! Анан акча жок дейсиңер, артисттер!  Мэр Суракматов бул боюнча сөзсүз түрдө шаардыктар, коомчулук алдында түшүндүрмө бериши зарыл!

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83