www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын аңгегинен качкандарга, этникалык мекени дөңгөк болууда

Алтын Булат 23-октябрь 2019, 17:42

Турмуш Борбордук Азия жаңылыктары


Кытайдын аңгегинен качкандарга, этникалык мекени дөңгөк болууда

Аргасыз Кытайдагы үй-бүлөлөрүн таштап качып келген эки казак жигитти, казак бийлиги тергөө абагына салды. Ага себеп, бул эки жаран эки өлкө ортосундагы чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөн.

Этникалык мекенине качып келишкен 30 жаштагы Кастер Мусаханулы менен 25 жаштагы Мурагер Алимулы кармалганга чейин 14-октябрдагы маалымат жыйынында, Кытайдын ал өлкөдөгү аз улуттун өкүлдөрүнө карата жүргүзгөн катаал саясатын белгилеп, чыдабай үй-бүлөсүн таштап качып кетүүгө аргасыз болушкандарын айтышкан. Кастер Мусаханулы Шинжаңдагы “лагерде” болгонун, ал жерде ур-токмокко кабылганын кошумчалаган.

Анда бул казак жигиттердин этникалык мекенине кандай келгени тууралу айткан жайы бар. Ал айтылгандарга таянсак, алар Кытайдын мамлекеттик чек арасынан 1-октябрда өтүшкөн. Бирок кытай-казак чек арасынын ортосундагы бейтарап аймакта беш күн болушуп, кийин 6-октябрда Чыгыш Казакстан облусунун Шиликти айылы аркылуу Казакстанга келишкенин билдиришкен.

Кызыгы, ошол маалымат жыйын өткөн күнү алар Алматыдагы миграциялык полицияга бараткан жерде кармалышканы белгилүү болгон. Эртеси, 15-октябрда алар Кытай менен чектешкен Чыгыш-Казакстан облусундагы Зайсан шаарына жеткирилгени айтылууда.

Ал эми бул этникалык качкындардын жактоочусу Ляззат Ахатованын айтымында, алардын бөгөт чарасын кароо боюнча сот отуруму 21-октябрга белгиленип, бирок бир күн эрте адвокаттын катышуусусуз өткөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83