www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбековдун Японияга болгон иш сапарынан сүрөттөр

Айдар Нуралиев 24-октябрь 2019, 12:03

Расмий кабарлар Саясат


Президент Сооронбай Жээнбековдун Японияга болгон иш сапарынан сүрөттөр

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 21-23-октябрда иш сапары менен Японияга барды.

Мамлекет башчысы Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты.

Токио шаарындагы Император сарайында өткөн такка отургузуу аземине дүйнөнүн 195 өлкөсүнөн мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Япония президенти Синдзо Абэ менен жолугушуп, анда кыргыз-япон эки тараптуу өз ара кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Ошондой эле мамлекет башчысы Япониянын парламентарийлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде парламенттер аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков «Tokyo Rope MFG» корпорациясынын баш кеңсесине, «Toshiba Energy Systems and Solutions» ишканасынын заводуна барды жана Токио шаарындагы «Ротобо» япон бизнес-ассоциациясынын жетекчилиги менен жолугушту. Инвестициялык кызматташуунун келечеги, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүндөгү мамилелерди кеңейтүү чаралары талкууланды.

Муну менен бирге иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Японияда жашап жаткан мекендештер менен жолугушту.

Бүгүн, 24-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83