www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектиктерге мессенжерлер аркылуу кооптуу билдирүүлөр келүүдө

Алтын Булат 24-октябрь 2019, 15:44

Коом Эл пикир


Бишкектиктерге мессенжерлер аркылуу кооптуу билдирүүлөр келүүдө

- Сиздин жашыңызды билүүгө мүмкүнбү?

- Эмнеге?

Дал ушул сыяктуу суроолор менен сөзгө тартып, Вотсапп, Телеграмм мессенжерлери аркылуу моделдик агенттиктерге чакырган “Айка” же “Аида” аттуу сулуулар пайда болуптур. Бул боюнча учурда бишкектиктер тынчсызданууда.

Айтылгандарга караганда, белгисиз номурдан келген билдирүүдө өзүн тааныштырган соң, маектешинин аты-жөнүн жана жынысы менен жашын сурайт. Анан моделдик агенттикке талапкер издеп жатканын билдирет. Мындан улам шаардыктар анын 100 пайыз сутенер болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Аныгында эле, өзүн сыйлаган моделдик агенттик атайын сынак өткөрүп, ошонун негизинде ылайыктууларын тандап алышат эмеспи. Андыктан мындай билдирүүгө алданып калбоо керек. Ал эми бул боюнча укук коргоо органдары, тартип сакчылары иш алып барып жатса керек деген ишенимдебиз.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83