www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алымбек датканын 220 жылдыгы белгиленеби?

Темирлан Келдибеков 24-октябрь 2019, 16:21

Коом


Алымбек датканын 220 жылдыгы белгиленеби?

Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик маанидеги иш-чараларды тиешелүү деӊгээлде өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Депутат Марлен Маматалиев кыргыздын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери боюнча мааракелик иш-чараларды өткөрүү боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомуна токтолду. Айтымында, 2015-жылда кабыл алынган өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жана саясый ишмер Алымбек датканын 215 жылдыгы белгиленмек. Бирок шайлоолорго байланыштуу бул иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми ноябрь айында өткөрүү белгиленип, мамлекеттик деӊгээлден райондук деӊгээлге түшүп калды.

Марлен Маматалиев мааракелик иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси той-топур менен чектелбестигин, анын башкы максаты кийинки муундарга мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө жана калыптанышына салымы зор болгон инсандарды таанытуу экенин баса белгиледи.

Эл өкүлү Алымбек датканын 220 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өз деӊгээлинде келерки жылдын жаз мезгилинде өткөрүүнү өкмөткө сунуш кылды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83