www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аваз Акимов турмушка чыкты беле?

Айдар Нуралиев 24-октябрь 2019, 16:45

Коом Маданият


Аваз Акимов турмушка чыкты беле?

Кээ бир газеталардын негизги темасы эле ырчы. Биз аларга болгубуз келбейт сынчы. Жылдызмын дегендердин баш кошуп дүнгүрөтө той өткөргөндөрүн кызыгып окуйбуз. Арадан көп өтпөй аларды ажырашып кетти деп угуп чочуйбуз.

Ал эми жакында эле таланттуу ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Деканын баш кошкону маалым. Ылайым, экөө түбөлүккө жыттап жүрө беришсин сүйүү балын! Бирок, биздин айтайын дегенибиз башка, Эркектин турмушка чыкканын укпаптырбыз келип ушул жашка.

"Супер-инфо" гезитинин акыркы сандарынын бирине Айдана Дека чыккан экен, маегин берип бекем. Гезиттин биринчи бетине мындай дегени: "Аваз турмушка чыккандан кийин баары жакшы болорун далилдеди". Мунусу билдирет эмнени?

Буга кантип тура аласың таң калбай, жазуучу Капарбек Сөлпиев да жүрөм дейт түшүнө албай. Эмне, Айдана Декага Аваз Акимов турмушка чыкты беле? Ушундай түшүнүксүз текстти гезитке басаарда редакция кызматкерлери баам салып коюш керек эле, -деп "КабарИнфо" "СуперИнфо" гезитин сындады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83