www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спиртсмендер азайып, спортсмендер арбыды

Айдар Нуралиев 24-октябрь 2019, 17:12

Спорт Коом


Спиртсмендер азайып, спортсмендер арбыды

Мезгилдер өттү го сенек. Сиздердин деле эсиңиздерде болсо керек. Кайсы бир жылдары эки тааныш кездешти дегичекти бүттү, ыргыта тургансып мээлериндеги баш ооруткан жүктү, жолугушууну "100 грамм" менен белгилеп жиберишчү, ачуу суюктукту ооз аркылуу ашказанды көздөй имеришчү. Азыркы кезде эч ким деле антпей калган, ал тургай, ичип жүргөндөрдүн кээ бири намаз окугандардын алды болуп алган. Албетте, мен айтып жаткан жерим жок жалган.

Сөзүбүздү дагы айта турган болсок калыс, азыркы жаштарыбыз ичимдиктен алыс. Мисалы, түшүшүп жакшы жолго, кызыккандар көбөйдү футболго. Бөтөлкөнү тиктеп да койбогон, топту тээп ойногон, гезит сатып тирилик кылган Умид сыяктуу инилеримди, буюрса, чоң футболист болот деп ойлоном.

Төмөндөгү (ФК Яксин) футбол сүйүүчүлөргө окшоп каалоочулар келип катыша берсе болот, топту тээп спорт кумарына батыша берсе болот, -деп "КабарИнфо" гезити жарыялады. 

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83