www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тынчтык Шайназаров: «Мыйзамды урганым жок, мамлекетиңди урганым жок...»

Айдар Нуралиев 25-октябрь 2019, 09:21

Коом Маек Саясат


Тынчтык Шайназаров: «Мыйзамды урганым жок, мамлекетиңди урганым жок...»

"Өнүгү-Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров "Азияnews" гезитине ИИМдин акыркы учурда иштеп жаткан абалы тууралуу маек куруп берди.

- Тынчтык Ураимович, кесиптешиңиз Жанар Акаев Бишкектеги «Мадина» кафесинин ээсинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн мисалга тартып, «криминал баш көтөрө баштады» дегендей пикир айтты. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

- Ар бир кылмышты «көзөмөлдөн чыгуу» деп таанысак болот. Ички иштер министрлиги, атайын кызматтын кээ бир бөлүмдөрү жумушун так аткарышы керек. Себеби, криминалдын баш көтөргөнү - бул өлкөнун коопсуздугуна, экономикасына, инвестициялык климатына, элдин бейпилдигине түздөн-түз таасирин тийгизет. Ошон үчүн криминал менен аёосуз күрөшүү керек. Бизнесменди таламандын тал түшүндө алып кетип өлтүрүп, машинасын коркпой-үркпөй башка түскө боёп минип жүргөндүгүн - бул «мыйзамды урганым жок, мамлекетиңди урганым жок» дегендик катары кабыл алам.

- ИИМ алсыз болуп жатат дегенге макулсузбу?

- Алсыз эмес, бирок, ИИМ жетиштүү деңгээлде иштей албай жатат (!) деп айтар элем. Алсыз болгондо, анда анархия башталат. Иштеп атышат, бирок жетиштүү деңгээлде эмес.

- Анын себеби эмнеде? Материалдык камсыздоонун начардыгынанбы, же кадрлардын компетентсиздигиненби?

- Бул жерде адамдык фактор роль ойнойт. Ар бир адам өзүнүн жумушун так аткарышы керек. Материалдык база, анын үй-бүлөсүндөгү климат - бул башка маселе. Ошол жерге бардыңбы, иштешиң керек. Анан «силер мага шарт түзүп берсеңер иштейм» деген туура эмес. Болбосо, элди да, өзүңдү да кыйнабай, ордуңду бошот да башка жумуш изде. Эгер каалоо болсо, криминалды үч айда эле жок кылып койсо болот. Бизде мыйзам жагынан баардык мүмкүнчүлүк бар. Мен ар дайым эле айтып жүрөм, мыйзамдын күчтүүлүгү - анын аткарылышында. Дагы айтам, бизде криминалды жок кылып салганга мыйзамдар жетиштүү. Аны аткарыш керек да. «Адам фактору» дегеним ошондон. Иштеш гана керек.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83