www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АУДИО - Кандуу жол кырсыктын себеби айтылды. BMW X7 ылдамдык эрежесин бузган

Аман Аскаров 25-октябрь 2019, 13:57

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом



АУДИО - Кандуу жол кырсыктын себеби айтылды. BMW X7 ылдамдык эрежесин бузган

Ушул жылдын 7-июль күнү Ысык-Көлдүн Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы кандуу жол кырсыкка BMW X7 унаасынын катуу ылдамдыгы себепкер болгон. Мындай бүтүмдү автотехникалык эскпертиза чыгаргандыгы белгилүү болду. Ал тууралуу маалыматты Ысык-Көл ОИИБ жергиликтүү маалымат булактарынын бирине берген.

Анда BMW X7 жана Lexus ES 330 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, акыркы унаадан дароо төрт адам мерт кеткен. Ал эми жол тандабастагы жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Алгач BMW X7ни Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков башкарып бара жаткан деген маалыматтар дагы тараган. Көп өтпөй ал унааны Элдияр Халмурзаев аттуу жаран башкаргандыгы айтылып, ал камакка алынган болчу. Бирок, Халмурзаев кийинчерээк Каракол шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ошентип кандуу жол кырсыгынын себеби дагы аныкталды жана такталды. BMW X7 унаасы эрежени бузуп, белгиленген ылдамдыктан катуу бара жаткандыгы белгилүү болду.

Чындыгында ага автотехникалык экспертизанын деле кереги жок болчу! Эми бул иш боюнча жыйынтык кандай болот? Убакыт көрсөтөт...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83