www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Кулчулукка каршы миңдеген жыл тиштенгенбиз, эми тиштенип кулчулукка каршы мыйзамды бекиттик

Темирлан Келдибеков 25-октябрь 2019, 13:52

Коом



АУДИО - Кулчулукка каршы миңдеген жыл тиштенгенбиз, эми тиштенип кулчулукка каршы мыйзамды бекиттик

Кулчулукка каршы күрөштөр мамлекет жаралган Вавилонияда, Ассирияда, Мисирде башталып эң белгилүүсү биздин заманга чейин байыркы Римде  Спартак баш болгон көтөрүлүш чыккан.

Кулчулуктан өтүп феодалдык коомго келсек да кулчулук калган жок. Андан кийин кыргыздар капитализмди, социализмди басып өтүп кайра капитализмге түшкөнбүз. 1956-жылы эле СССРдин курамында туруп, кулчулукка каршы конвенцияга кошулганбыз, СССР тараганда Кыргызстан эгемен өлкө катары 1992-жылы конвенциянын милдеттенмелерин өзүнө алган, эми анын 2014-жылдагы протоколу менен бекитилген кошумча милдеттенмелерин алып жатабыз.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоровдун айтымында, министрлик адамдарды мажбурлап иштетүү маселесинин жалпы саясатын жүргүзгөн менен, анын тармактары боюнча иш алпаруу милдети белгилүү бир мамлекеттик органга жүктөлгөн. Азыр Россия менен Казакстандын аймагында документтери жок кулчулукта жүргөн кыргыз жарандары жөнүндө маалыматтар бар.

Жогорку Кеңеште «1930-жылдагы Мажбурлап иштетүү жөнүндө конвенциянын 2014-жылдагы протоколун ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83