www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АУДИО - СҮРӨТ – Көз жаш аралашкан той. Жигит каза болгон кызга үйлөндү

Алтын Булат 25-октябрь 2019, 13:22

Турмуш Фоторепортаж



АУДИО - СҮРӨТ – Көз жаш аралашкан той. Жигит каза болгон кызга үйлөндү

Үлпөт көйнөгүн кийген кыз табытта жатат. Жанында ага үйлөнүп жаткан жигит жана жакындары бар. Кайгылуу той салтанаттуу тойлор сыяктуу эле тойканада өткөрүлгөн. Айырмачылыгы той ээлеринин жана коноктордун жүзүндө кубануунун эмес, кайгыруунун белгиси байкалат.

Кытайда өткөн бул үйлөнүү той, мындан алты жыл мурда эле өтмөк экен. Тагыраагы, 2013-жылы сүйүшкөн жаштар никеге катталышканы айтылууда. Бирок, кыздын катуу оорусунан улам, той жылдырылып келген. Ошол кезде, дарыгерлердин кароосунан өткөн 28 жаштагы Ян Люда эмчек рагы табылып, дарыгерлер анын беш жылдан ашык жашабай турганын билдиришкен.

Анткен менен, жакшылыктан үмүт кылган кытай кыз баардык күчүн дарыланууга жумшайт. Операция жана химиотерапия алган соң, чын эле жакшы боло баштайт. Мына ошол учурдан тарта жаштар кайрадан үйлөнүү тоюна даярдана башташкан. Тилекке каршы 2018-жылы оору кайтып келди, ал эми бир нече күн мурда Лю күтүүсүздөн сүйгөнүн таштап, о дүйнөгө кете берген.

Ошентип анын сүйгөнү Сю Шинань, сүйгөн кызынын акыркы тилегин аткарды, үйлөнүү тоюн өткөрдү. Табыттын жанында туруп жигит кызга ыйлабай турганына сөз берди. Бирок, качан сүйгөнүнүн денесин алып чыгып бара жатышканда, баарыбир көз жашын кармана алган жок.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83