www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Кыргызстан бизнес боюнча рейтинги аныкталды

Темирлан Келдибеков 25-октябрь 2019, 15:32

Эл пикир



АУДИО - Кыргызстан бизнес боюнча рейтинги аныкталды

Дүйнө боюнча эки жүздөн ашуун мамлекеттин ичинен Кыргызстан Doing Business — 2020-жылдын рейтинги боюнча сексенинчи орунду алды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк банктын атайын баракчасына жарыяланды. Бул абдан жакшы көрүнүш, анткени коңшу мамлекет Тажикстан бул көрсөткүч боюнча рейтингде 106-орунда.

«Салыштырмалуу методология менен эсептегенде Кыргызстанда бизнес жасоонун жеңилдешинин көрсөткүчү 100 баллга салыштырмалуу былтыркы  65,4 баллдан быйыл 67,8 баллга көтөрүлгөн. Башкача айтканда, Кыргызстан бул рейтинг боюнча дүйнөлүк лидерлердин ортосундагы айырмачылыкты жоюп келатат», — деп билдирген Бүткүл дүйнөлүк банктын  атайын өкүлү Болормаа Амгаабазар.

Кыргызстанда ишкерликти алга жылдыруу максатында нормативдик-укуктук базаны чыңдоо максатында үч реформа жүргүзүлгөн:

  1. Калкты энергия менен камсыздандыруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча электрэнергия көзөмөлдөнүп жана инфраструктурасы модернизацияланды.
  2. Кыргызстан салык төлөөнү жеңилдетти. Пайыздык киреше салыгы менен пайдадан түшкөн корпоративдик салык бирикти.
  3. Салык боюнча бериле турган отчет берүү жеңилдеди, салык төлөө онлайн менен кете баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83