www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - ВИДЕО - Ошто курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшү жарыяланды

Бакыт Молдалиев 25-октябрь 2019, 15:37

Видеолор Илим



АУДИО - ВИДЕО - Ошто курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшү жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаарында курула турган Ломоносов атындагы Москва университетинин филиалынын 3D көрүнүшүнүн видеосун жарыялады.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, имараттын курулушу бир айдын ичинде башталат. Ишке берилген учурдан тарта аталган окуу жайда колдонмо математика жана информатика, геология, орус тили жана адабияты адистиктери боюнча студенттер окутулат.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу жазында Бишкекте өткөн Россиянын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форумунда макулдашылган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83