www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ФОТО - Ич күйөт. Мэр Суракматов чиновниктерин тайраңдаткыча, Ташкент мэри жаңы метро куруп салды

Аман Аскаров 25-октябрь 2019, 16:09

Турмуш Коом Экономика


ФОТО - Ич күйөт. Мэр Суракматов чиновниктерин тайраңдаткыча, Ташкент мэри жаңы метро куруп салды

Бишкек шаары Кыргызстандын борбор калаасы. Бишкектин мэри Суракматов кыштан кантип чыгабыз, эки-үч чакырым жолду кантип жамайбыз, жаңы конуштарга кантип электр жарыгын тартып барабыз? - деп баш катырып отурганда, коңшу Өзбекстандын борбору Ташкент шаарынын мэри президент Шавкат Мирзиёевди жаңы курулуп бүткөн “Дустлик-2” жана “Охагарон” метро станциялары менен тааныштырып жүрөт.

Эки станция кошулган жер алдындагы транспорттун жалпы линиясы 7 чакырымды түзөт. Ал “Сергеле” станциясынан башталып, башка линияларга кошулуп отуруп аны менен шаардын бардык тарабына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Курулуштун жалпы баасы 82,6 миллион АКШ долларын түзөт.

Мындайча айтканда, эксперттер Бишкектин жылуулук электр борборун жаңылоодо 111 миллион доллар кымтылган деп жатат. Сол чөнтөккө кымырылган бул акчага эле Бишкектин алдына 10 чакырымга жакын метро линиясын курса болмок экен!

Албетте, буга учурдагы мэр Суракматовдун тиешеси жок! Болгону, келемиш чиновниктерибизди эстегенде атып салгың келет! Айла жок да. Эми өзбек туугандар Ташкентке айланма метронун линиясын курганы турат. Анын узундугу 55 чакырымды түзүп, ага 442 миллион АКШ доллары сарпталмакчы.

Биз болсо жүрөбүз, пенсионерлерден отун-суусун талашып, кайдагы бир Аида Рысбаева сыяктуу мэрия чиновнигин Лондонго пайдасы жок иш сапарга жөнөтүп, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн билим берүү башкармалыгынын директору Сауле Мейрманова өңдүүлөрдү тайраңдатып...

Чын-чынына келгенде, бул бир гана Бишкек шаардык мэриясы эмес, ошол эле парламент, өкмөт, президенттик аппаратка, бардык МСУ, мамлекеттик ишканаларга тиешелүү! Ич күйөт да болгону туугандар!

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83