www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Ырчы Урмат Усенов саясатка олуттуу киришти

Алтын Булат 25-октябрь 2019, 17:41

Саясат Маданият


ВИДЕО - Ырчы Урмат Усенов саясатка олуттуу киришти

Маданият кызматкерлеринин ичинен 2020-жылы парламентке депутат болуп келүүчүлөрдүн катарын ырчы Урмат Усенов да толуктады. Мындай билдирүүнү ал өзү “Санжыра” радиосунда маек берип жатып айтты. Айырмасы, башкаларга окшоп “мүмкүн” деген сөздү колдонгон жок. Тескерисинче, депутат болоруна бекем ишенет.

- Өзүңдүн көкүрөгүңдүн ичиндеги ишеним 100 пайыз болбосо, башкалардын ичиндеги ишенимди ойготууга болбой турганын жакшы түшүнүүбүз керек. Анысы кандай, мендеги ишеним толук кандуу. Эң биринчи жоопкерчиликти сезем. Башка өлкөлөрдөгү реформатор жаштардын катарына кошулушубуз керек. Алар кылганды биз дагы кылабыз. Ансыз дагы 30 жылдык тарыхыбызды жоготтук. Мындан кийинки жоготууларга биздин укугубуз жок! – дейт ырчы мырза.

Ал учурдагы депутаттар саясий лимитин түгөткөнүн белгилеп, өзү жалаң жаштардан жана жаңы жүздөрдөн турган ар кыл тармактагы адистер менен бирге кыймылдап жатканын билдирет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83