www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Жалал-Абадда той учурунда "бой" болду

Бакыт Молдалиев 25-октябрь 2019, 17:50

Видеолор Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО - Жалал-Абадда той учурунда "бой" болду

Интернетте үйлөнүү үлпөтү учурунда жаштардын массалык мушташуусу катышкан видео бүгүн, 25-октябрда тарады.

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы билдирген маалыматка караганда, окуя аталган областтын Ноокен районунда болгон.

Мушташтын кесепетинен ооруканага 23 жана 25 жаштагы эки жаран кайрылган, бирок, бирок алган жаракаттары олуттуу болбогондуктан, алар алгачкы медициналык жардам алган соң кетип калышкан.

Ал эми милициянын билдиришинче, бул тууралуу арыз жазуудан жана экспертизадан өтүүдөн эки тарап тең баш тартышкан.

Ошентсе да, Жалал-Абад ОИИБи аталган фактыны “Бейбашчылык” беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин баштады.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83