www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО: “Жинди кыргыз” – жаңы дүйнө чемпиону! Кубанычтан аккан көз жаштар...

Бакыт Молдалиев 26-октябрь 2019, 09:08

Видеолор Спорт


ВИДЕО: “Жинди кыргыз” – жаңы дүйнө чемпиону! Кубанычтан аккан көз жаштар...

Индонезиянын борбору Жакарта шаарында кечээ, 25-октябрда өткөн аралаш мушташ жана кикбокс боюнча “One Championship Dawn of Valor” турниринде кыргызстандык мушкер, “Жинди кыргыз” каймана аты менен таанымал болгон Камрян Аббасов жарым орто салмакта учурдагы дүйнө чемпиону, швециялык Себастьян Кадестамды ири эсеп менен утуп, жаңы дүйнө чемпиону аталды.

 Бул утуштан соң “Жинди кыргыздын” эсеби 16 утушка чыкты. Төрт жеңилүүсү да бар. Ал эми чемпиондугун алдырып жиберген атаандашы Кадестам ушуну менен бешинчи ирет жеңилүү ызасын тартып олтурат.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83