www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Дагестандыктар Конор Макрегордун “пачагын” чыгарабыз деп, Москванын мейманканасына топтолушту

Бакыт Молдалиев 26-октябрь 2019, 10:16

Видеолор Спорт


ВИДЕО - Дагестандыктар Конор Макрегордун “пачагын” чыгарабыз деп, Москванын мейманканасына топтолушту

Айтылуу ирландиялык мушкер (ММА) Конор Макгрегор жайгашкан Москванын "Ритц-Карлтон" мейманкасын бир нече ондогон дагестандыктар курчап алышты. Буга Конордун Хабиб Нурмагомедовдун атына айткан сыны себеп болууда.

Мында келишкен дагестандыктар Конордун Хабиб тууралуу, андан башка дегеле жалпы дагестандыктар боюнча айткан сөздөрүнө жооп берүүнү талап кылышууда.

Окуя боюнча видео соцтармактарга да тарап жатат.

"Бүгүн Конордун дагестандыктар менден качып жатышат деген сөзүн уктум. Эми биз келсек, мындагылар аны мейманкада жок деп айтышууда. Бирок, биз акырын пиджактарды ыргытып, Конор жогортон түшүп келгенче күтөбүз”, -деп айтат анда барган дагестандыктардын бири.

Эскерте кетсек, 24-октябрда Конор Макгрегор Москвага келип орусиялык журналисттер жана блогерлер үчүн маалымат жыйын өткөргөн. Анда Конор “Хабиб мени менен Москвада мушташуудан коркот. Ал болгону кимди жеңүүгө көзү жетсе, ошону менен гана рингге чыгат. Баарыбыз билебиз, дагестандар ким экенин. Алар Хабибге окшоп коркуп кача беришет. Мына, Хабиб өзүнүн пресс-конференциясынан да коркуп качып кетти”,- деп айткан эле.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83