www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жашыл экономика менен экспортту көтөрүүгө аракет кылынууда

Айдар Нуралиев 26-октябрь 2019, 12:01

Коом Экономика


Жашыл экономика менен экспортту көтөрүүгө аракет кылынууда

Жашыл экономика боюнча Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өткөн Бүткүл дүйнөлүк саммитте вице-премьер-министр Замирбек Аскаров «Жашыл экономиканын» принциптеринин негизинде Кыргызстандын экологиялык таза продукциясын экспорттоону жүзөгө ашырууну пландап жатканын билдирди.

Ал: «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында биз региондорду өнүктүрүү үчүн «жашыл экономика» принциптерин киргизүүгө ниеттенип жатабыз. Себеби ар бир аймактын өз артыкчылыгы бар. Суу-энергетикалык ресурстарга бай аймактарда жашыл энергетиканы өнүктүрүү, кайра жанма электр булактарын өздөштүрүү пландалууда. Мөмө-жемиштерди өстүрүү пайдалуу болгон агрардык райондордо көп жылдык мөмөлүү бадалдарды өстүрүүгө өтүүдө. Муну менен экологиялык жактан таза продукцияны жеткирүү боюнча биздин уникалдуу экспорттук дараметибизди күчтөндүрүп, жүзөгө ашырсак деген ойдобуз» деди.

Вице-премьер-министр Шаржа шаарындагы Соода-өнөр жай палатасына барып, ал жактан товарлардын, продукциялардын үлгүлөрү жана эркин экономикалык аймак менен таанышып, уюмдун алкагында мындан ары кызматташуу жана тажрыйбаларды өздөштүрүү жөнүндө макулдашты, -деп "De-Факто" жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83