www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Мирбек Атабеков: "Мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап?"

Бакыт Молдалиев 26-октябрь 2019, 12:20

Видеолор Кылмыш жана кырсык


ВИДЕО - Мирбек Атабеков: "Мага күнөөсүз баланы карматып, каматып эмне азап?"

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Мирбек Атабеков апасынын үйүнө уурулукка кирип, энесин сабоо менен үйдөн бир нече миң доллар алып чыгып кетүүгө шектелип кармалган адам тууралуу видеокайрылуу жасады.

Кайрылууда Атабеков бул боюнча соцтармактарда ар кандай аттарды жамынып, жаман пикир жазгандарга таң калып жатканын айтып, чагымчыл сөздөрдү жазууда сак болууну өтүнөт.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарында ушул жылдын 6-майына караган түнү ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз беткап жамынган адамдар кирип, үйдөн 60 миң доллар акча жана зер буюмдарды алып чыгып кетишкен. Кийин аталган кылмышка шектелип Б.М. аттуу 24 жаштагы жаран Караколдон кармалган. Бирок, шектүүнүн апасы анын уулу күнөөсүз экенин айтып маалымат тараткан.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83