www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армиядагы "дедовщина" массалык адам өлтүрүүгө себеп болду

Аман Аскаров 26-октябрь 2019, 12:19

Турмуш Кылмыш жана кырсык Коом


Армиядагы "дедовщина" массалык адам өлтүрүүгө себеп болду

Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерин жана эки офицерди атып салган солдат кадамынын негизги себептерин атады.

Колго түшүрүлгөн жоокер окуя тууралуу эч өкүнбөй тургандыгын айтып, кылган кылмышы үчүн жоопкерчилик тартууга моралдык жактан даяр экендигин билдирген. Андан сырткары, ал каргашанын негизги себеби – уставдык эмес мамиледен  келип чыккандыгын айткан. Жөнөкөй тил менен айтканда ага аскердик бөлүктөгү “дедовщина” себепкер болгон.

Эске салсак, кечээ, 25-октябрда Орусиянын Забайкалье аймагындагы Горный айылында аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер ага берилген табелдик курал менен чогуу кызмат өтөгөн жоокерлерди атып, качып кетти.  

Каргашанын кесепетинен ок тийген жети жоокер окуя болгон жерде мүрт кетишсе, дагы бирөөсү ооруканадан өзүнө келе албай каза болгон. Дагы эки жоокер жеңил жаракат алышкан.

Маалыматтарда окуя жергиликтүү убакыт боюнча 18:20да, аскердик бөлүктөгү техникалык-ремонт базасында күзөт нөөмөттөрү алмашып жаткан учурда болгону айтылат. Ок каза болгондордун баарынын башына атылган. 

Коргоо министрлиги тараткан алдын ала маалымат боюнча, ал жоокер жеке көйгөйлөрдөн улам келип чыккан нервдик чыңалуудан өзүн кармана албай калган болушу мүмкүн. Ошондой эле "дедовщинага" чыдабай ушул кадамга барышы мүмкүн экендиги да каралууда.

Ал эми “РИА-Новости” агенттиги каза болгондордун бешөөсү жоокер, экөөсү офицер, ал эми бирөөсү контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер, ал эми аларды аткан 20 жаштагы жоокердин аты-жөнү Рамиль Шамсутдинов экенин жазган.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83