www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратмандык жакшы сөздөр. Мотивациялык цитаталар

Алтын Булат 26-октябрь 2019, 14:13

Дүйнө жүзүндө Эл пикир


Жаратмандык жакшы сөздөр. Мотивациялык цитаталар

Интернетте акыл айткан акылдуулар көп. Балким бул башынан сөз барктап, сөз баалаган элибиздин өзгөчөлүгүдүр. Анткен менен жаратмандык жаатында жакшы кеңеш берүүдө чыгыш элдеринен артта калып калгандайбыз.

Айрымдарга пайдасы тиер деген таризде, “NazarNews” маалымат агенттиги төмөндө белгилүү адамдардын цитаталарын сунуштамакчы.

- Ийгиликтүү жашоого жетиш үчүн - эмне кылуу керектиги боюнча белгилүү бир максатыңыз болушу керек. (Генри Форд)

- Ийгиликти багындыруу үчүн акчанын артынан жүрбөңүз, андан көрө кыялдарыңызды кубалап жетиңиз. (Тони Шей)

- Ийгиликтүү адам болгонго гана тырышпаңыз, барктуу адам болууга тырышыңыз. (Альберт Эйнштейн)

- Ийгилик – бул тепкич, ага көтөрүлүү үчүн чөнтөккө колду салып алып эле жете албайсыз. (Пауль Баует)

- Ар дайым бир нерсенин үстүндө ойлонуп, изденүүдө болгондор сөзсүз ийгиликке жетет. (Генри Девид Торо)

- Ийгилик – бул жетишүү. (Марина Цветаева)

- Өзүңүзгө жаккан жумушту тандаңыз! (Конфуций)

- Ийгилик бакыттын ачкычы эмес. Бакыт – бул ийгиликке жетүүнүн ачкычы. Эгерде сиз аткарып жаткан ишиңизди сүйсөңүз, демек ийгиликтесиз. (Герман Каин)

- Бардык эле жумушка көнгөнчө кыйын болот, көнгөндөн кийин оңой болуп калат. (Максим Горький)

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83