www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИДЕО - Кадамжайда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленди

Бакыт Молдалиев 27-октябрь 2019, 09:18

Видеолор Саясат


ВИДЕО - Кадамжайда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленди

Баткен облусунун Кадамжай районунда мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгына арналган эскерүү мааракесине президенти Сооронбай Жээнбеков да катышып, сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Абдыкадыр Орозбековдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы өзгөчө ордун белгиледи.

Орозбек Абдыкадыровдун 130 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чарага мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов жана башка мамлекеттик ишмерлер, парламентарийлер,  Тажикстан жана Өзбекстандан расмий адамдар, ошондой эле Орозбековдун туугандары чакырылган.

Мааракелик иш-чаралардын алкагында театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Абдыкадыр Орозбековдун эстелигине гүл коюп, Кадамжай шаарындагы музейине барды.

Музейдеги эскерүү китебине Орозбековдун элесине таазим эткен жазуусун калтырды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83