www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайсы партия  парламенттик шайлоодо жеңишке жетишет?

Темирлан Келдибеков 28-октябрь 2019, 10:53

Аналитика


Кайсы партия  парламенттик шайлоодо жеңишке жетишет?

 2020-жаңы жылдын алдында партия лидерлери  Зулпукаров, Текебаев, Сулайманов үчөө келатышса Аяз ата казылган чуңкурда отурат дейт.

- Бул чал эмне бул жерде отурат? – дейт кээ бир министрлерди фракция лидери катары өзү дайындап, мансапка көзү тунарган Алтынбек Сулайманов.

- Партияң «Бир бол» аталганы менен, элди бириктире албайт экенсиң, - дейт Аяз ата.

- Бул чал эмне эле деп атат? - деп опурулат камактан жаңы чыгып келген Текебаев.

- Партияң «Ата-Мекен» аталганы менен, «ата-мекенчилериң» мекенин талагандан кайра тартпайт экен, - деп Аяз ата Зулпукаровго карап, -Сиз эмне унчукпайсыз, сизге эмне керек?- дейт.

- Сизгечи? - дейт Зулпукаров.

- Мен ушул аңдан чыксам дегенде эки көзүм төрт.

Зулпукаров колун сунуп Аяз атаны аңдан сууруп чыгат. Зулпукаровго Кыдыр жылоолоп парламенттик шайлоодон көп добуш топтоп өтүп кетет имиш. Берки экөө парламенттик шайлоонун 9 пайыз тосмосунан өтө албай калышыптыр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Оля Таалайбекова, 28-октябрь 2019, 09:26
.Бул сарказм окшобой калыптыр.Зулпукаровдон кичине умут этишкен го жэ алганын актап жатышкандыр.
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83