www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи ачылды

Бакыт Молдалиев 28-октябрь 2019, 13:01

Илим


Бишкекте Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи ачылды

26-октябрда Кыргыз өкмөтү, Американын Бард колледжи жана USAID уюму менен өнөктөштүктө заманбап колледж түзүлдү жана окуу корпусу азыркы билим берүү инфраструктурасына ылайык трансформацияланды.

Анда Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков: "Бул колледж эң акыркы технологиялар менен жабдылган, дүйнөлүк алдыңкы инновациялык табылгалардын, прогрессивдүү тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн билим берүүнүн өзгөчө үлгүсү болду. Айрыкча окуу аудиторияларынын, лабораториялардын кенендиги, жарыктыгы, эмеректердин жайгашуусу, түстөрдүн гаммасына маани берилгени кубандырат. Анткени жаңы сапаттуу билим берүү – жаңы мейкиндиктерди, жаңы архитектуралык ой жүгүртүүнү, изденүүнү талап кылат. Биздин алдыбызда чоң милдет турат. Жакынкы аралыкта Кыргызстанды Борбордук Азиядагы билим берүүнүн хабына (борборуна) айлантууга жетишүүбүз зарыл. Университеттерибиз жана колледждерибиз эл аралык деңгээлде сапаттуу билим берүүгө өтсө, өлкөбүздө билим экспорту, билим берүү туризми өнүгөт. Бизге жаштар дүйнөнүн төрт тарабынан билим издеп мындан да көп келе башташат. Биздин окуу жайлар ушул көрсөткүчтөр менен атаандаштыкка өтүшү керек. Антпесе окуу жайларыбыз эл аралык рейтингдерде өздөрүн көрсөтө алышпайт.

Инновациялык колледжге өткөн 204 студенттин ичинде 9 мамлекеттен келген жаштар бар. Алар Германиядан, Казахстандан, Россиядан, Америкадан, Турциядан, Өзбекстандан, Франциядан жана Тажикстандан билим алуу үчүн келишкен. Окуу жайлардын модели заманга айкалышып, сапаты артып, таасир этүү географиясы, кулачы кең болуп, ушундай нукта өнүгүшү керек” – деп сөз сүйлөдү. Кыргыз өкмөтүнүн жана Американын Бард колледжинин, USAID уюму менен өнөктөштүктө заманбап колледж түзүлдү жана окуу корпусу азыркы билим берүү инфраструктурасына ылайык трансформацияланды. "Бул колледж эң акыркы технологиялар менен жабдылган, дүйнөлүк алдыңкы инновациялык табылгалардын, прогрессивдүү тажрыйбалардын негизинде түзүлгөн билим берүүнүн өзгөчө үлгүсү болду. Айрыкча окуу аудиторияларынын, лабораториялардын кенендиги, жарыктыгы, эмеректердин жайгашуусу, түстөрдүн гаммасына маани берилгени кубандырат. Анткени жаңы сапаттуу билим берүү – жаңы мейкиндиктерди, жаңы архитектуралык ой жүгүртүүнү, изденүүнү талап кылат. Биздин алдыбызда чоң милдет турат. Жакынкы аралыкта Кыргызстанды Борбордук Азиядагы билим берүүнүн хабына (борборуна) айлантууга жетишүүбүз зарыл. Университеттерибиз жана колледждерибиз эл аралык деңгээлде сапаттуу билим берүүгө өтсө, өлкөбүздө билим экспорту, билим берүү туризми өнүгөт. Бизге жаштар дүйнөнүн төрт тарабынан билим издеп мындан да көп келе башташат. Биздин окуу жайлар ушул көрсөткүчтөр менен атаандаштыкка өтүшү керек. Антпесе окуу жайларыбыз эл аралык рейтингдерде өздөрүн көрсөтө алышпайт. Инновациялык колледжге өткөн 204 студенттин ичинде 9 мамлекеттен келген жаштар бар. Алар Германиядан, Казахстандан, Россиядан, Америкадан, Турциядан, Өзбекстандан, Франциядан жана Тажикстандан билим алуу үчүн келишкен. Окуу жайлардын модели заманга айкалышып, сапаты артып, таасир этүү географиясы, кулачы кең болуп, ушундай нукта өнүгүшү керек” – деди министр андан ары. Белгилей кетсек, Инновациялык колледжде компютердик технологияларга, сынчыл ой жүгүртүүгө, маалыматтар менен иштөө көндүмдөрүнө басым жасалат. Сегиз багыт боюнча өркүндөтүлгөн окуу программасы боюнча эл аралык стандарттарга ылайык билим берилет.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83