www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колго түшкөн милиция кызматкеринин башка жоруктары ачыкка чыгууда

Аман Аскаров 28-октябрь 2019, 13:05

Кылмыш жана кырсык Коом


Колго түшкөн милиция кызматкеринин башка жоруктары ачыкка чыгууда

Өткөн аптада Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин кызматкери 10 000 сом пара менен кармалган.

Ал иште дагы кызыктуу жагдайлар ачыкка чыгууда. Көрсө, пара менен кармалган кызматкер жабырлануучуга интимдик байланышка барууга да мажбурлаган экен. Анысы аз келгенсип, жабыр тарткан келиндин унаасын өзүнө каттатууга сунуш кылгандыгы белгилүү болуп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири укук коргоо кызматындагы булактарына таянып жазып чыкты.

Иштин чоо-жайы төмөндөгүчө: Келин баласын уруп жиберет. Уулу апасынын кылыгын атасына айтат. Атасы болсо дароо эле милицияга кайрылып, арыз жазган. Милициянын бөлмөсүндө кызматкер келинге баладан баш тартуу боюнча тил кат жаз, болбосо кылмыш иши козголот деп коркуткан. Ошол эле учурда кызматкер ишти келин үчүн оң жакка чечүү үчүн 10 миң сом жана жабырлануучунун унаасын өзүнө каттатууну сунуштаган. Андан соң, экөө шаар четине чыгып, машиненин ичинен орган кызматкери келинге интимдик байланышты сунуштаган.

Эске салсак, буга чейин ИИМ жана Финпол биргелешип, Свердлов РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү 10 миң сом пара алып жатканда кармалгандыгын кабарлаган.  

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83