www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таластагы салгылашуу ааламдагы эң ири он салгылашуунун бири болуп эсептелеби?

Темирлан Келдибеков 28-октябрь 2019, 14:29

Аналитика


Таластагы салгылашуу ааламдагы эң ири он салгылашуунун бири болуп эсептелеби?

Таң калса болот, Таластагы салгылашуу тууралуу угуп эле жүрөбүз, ал Азияда эле эмес, Евразияда да эмес, тарыхтагы эң ири он салгылашуунун бири деп эсептелет экен. Бала кезден тарыхка үңүлүп, окуу китептеринен Таластагы салгылашуу тууралуу бир ооз кеп тапчу эмеспиз. Тарых боюнча Римди баш ийдирген Адил атабыз (Атилла) басып алганын, Муз үстүндө орустар менен крестчилердин ортосундагы салгылашууну, Куликовдогу орус менен монголдордун салгылашуусун. Бородинодогу орустар менен француздардын салгылашуусун, Сталинград, Курск шаарында СССР менен Германиянын салгылашуусун жадыбалдай жаттап, беш манжабызды санагандай билебиз. Ал эми өзүбүздүн жерибиздеги Таласта салгылашуу болгонун уксак да, ал тарыхтагы эң ири салгылашуу экенине маани бербептирбиз.

Орус тилинде жазылган булактарга кайрылалы: "Таласская битва в 751 году, почти 13 веков назад, между арабами и китайцами, вошла в десятку крупнейших и значимых битв в истории, без преувеличения, всего человечества”. Бул салгылашуу 751-жылдын июлунда Талас облусунун Манас районунда Борбор Азияда үстөмдүк кылыш үчүн арабдар менен ушул аймакта жашаган карлуктар биригип, ал кезде Борбор Азияны басып алсам дегенде эки көзү төрт кытайлыктардын ортосунда ири салгылашуу болгон. Бул согушта кытайлыктар жеңилип Борбор Азияга жологус болуп, исламдын Борбор Азияны көздөй жайылышына жол ачкан. Арабдар Улуу Жибек жолуна таасири күчөгөн. 751-жылы болгон салгылашууда эки тараптан отуз миңден адам катышкан. Бул салгылашуу беш күнгө созулган. Бешинчи күнү мурун түргөштөргө эрегишип жүргөн карлуктар жалпы душманы болуп эсептелген кытайлыктардан артынан кол салып, кытайлыктарды качууга аргасыз кылган. Ушул салгылашуу кытайлыктардын Борбор Азияны басып алуусун тамам кылат, ошону менен бирге кытайлыктар да арабдарга Кытайды көздөй жылышына катуу сокку урган. Араб халифаты да андан ары жылган эмес.

Талас облусунун Манас районундагы иликтөөлөр учурунда, Таластагы салгылашуу эми ийне-жибине чейин иликтене баштады. “Мурас кыймылы” коомдук бирикмесинин демилгеси менен орто кылымдардагы археологиялык эстеликтерди иликтеп жаткан археолог жана нумизмат, тарых илимдеринин кандидаты Александр Камышевдин иликтөөсүндө бул салгылаш учурундагы жаа, жебе, байыркы монеталарды тапкан. Талас облусундагы Манас районундагы салгылашуу болгон жерде, үч жүз метр бийиктиктеги мунарасы бар байыркы Атлах шаары азыркы учурда көрүстөндөрдүн мекенине айланган. Бул жерлерде көрүстөн дөбөчөлөр гана жайкалып көрүнөт. Бул көрүстөн дөбөчөлөр ушул тапта туристтерди тарта турган жайга айланып, Атлахтын айлана-тегерегин мамлекет коргоого алса, ачык асман алдындагы археологиялык жактан абдан баалуу зор музейге айланмак.

Бүгүнкү күндө бул согуш казак ишкерлери тарабынан кызуу талкууланып жаткан учуру. Биздин мамлекет тарабынан бул жерлерге көңүл бурулбай, чыныгы салгылашуу биздин аймакта өтсө дагы, казактар ушул салгылашуу болгон жерлерди тарыхты бурмалап өз тарабына өткөрүп алууга далалат кылып жатышат. Мындай окуялар мурун да болгон, кыргыз мамлекети Караханиддер мамлекетинин борбору болгон Бурана мунарасы бар Баласагынды чанышып, Караханиддердин борбору Казакстандын аймагында болгон дешип кээ бир окумуштуулары өздөрүнө көчүрүп алышкан. Эми Таластагы салгылашууну Казакстандын аймагында болгон дегендер чыга башташты. Казак окумуштууларынын мындай тарыхты бурмалаганын токтотуп, дүйнөлүк коомчулукка кеңири белгилүү болгон Талас салгылашуусун бренд кылып, келечекте Кыргызстанда “Атлах” тарыхий музей комплексин баштоого убак жетти. Учурда дүйнөлүк окумуштуулар, демөөрчүлөр Талас салгылашуусуна өзгөчө маани берип жатканда биздин мындай чыныгы тарыхый жайларыбызды Казакстанга көчүрбөй өз жерибизде алып калышыбыз керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83